КЭУ өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуусу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сизге «“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары – Чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө Мыйзамдын долбоору же мыйзам долбоору) Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу кайрылып жатабыз.

Азыркы учурда өлкөбүздө экономикалык, саясий жана социалдык жактан олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Мына ушундай татаал мезгилде коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) ишмердүүлүгү коомубуздун алдында турган бир катар маанилүү көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүдө чоң ролду ойнойт жана алардын салымы олуттуу болору шексиз.

КЭУлар ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өнөктөштөрү болуп саналат. Алардын тажрыйбасы, ресурстары жана кесипкөйлүгү өлкөбүздүн өнүгүү максаттарына жетүү үчүн маанилүү. КЭУлардын коомго-пайдалуу иш-аракеттери жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган социалдык, билим берүү жана маданий программаларды колдоону жана өнүктүрүүнү камтыйт. КЭУлардын ишмердүүлүгү жарандардын кыйла катмарларына билим берүү, медициналык тейлөө, социалдык коргоо жана башка маанилүү кызматтарды алууну жеткиликтүү кылып жатат. Бул өлкөбүзгө актуалдуу маселелерди чечүүгө жана турмуштук оор кырдаалга туш болуп калгандарды колдоого ынгайлуу шартарды түзөт. КЭУлар адам укуктарын, айлана-чөйрөнү коргоо, коррупцияга каршы аракеттенүү жана башка көптөгөн социалдык маанилүү тармактарда активдүү иш алып барышат. Алардын ишмердүүлүгү демократиялык институттарды чыңдоого жана өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого да жардам берет.

Эл аралык кызматташуунун жана өлкөгө эл аралык коомчулук тарабынан каржылык колдоо көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүлүңүздү бурууга уруксат этиңиз. Кыргызстан учурда мамлекетибизге олуттуу каржылык жана материалдык-техникалык жардам берип жаткан көптөгөн эл аралык уюмдар жана донорлор менен кызматташып келет. Бул жардам өлкөнүн мамлекеттик бюджетин колдоо жана түрдүү тармактарда бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн абдан маанилүү. Эл аралык уюмдар социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө гана эмес, жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү экономикалык, экологиялык, инфраструктуралык жана башка долбоорлорду ишке ашырууга каражаттарды берип жатышат. Бул инвестициялар билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарды өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо, ошондой эле бүткүл өлкө боюнча инфраструктураны жакшыртуу боюнча өлкөбүздө чоң пландарды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк берип жатат. Кыргызстан тарабынан адам укуктарынын сакталышын камсыз кылуу жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартууга жардам берет. Эгерде “Чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө” Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасына каржылык жардамы бир топ кыскарышы мүмкүн, бул өлкөнүн өнүгүшүнө жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга терс таасирин тийгизет.

Кыргызстандагы КЭУ секторунун баалуулугу алардын калыстыгында, боорукердигинде, жардамга муктаж жарандарга жана жергиликтүү жамааттарга жардам берүүгө даярдыгында, коомго пайдалуу иш-аракеттерге берилгендигинде, ак ниеттүүлүгүндө, калыстыгында ​​жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн мамлекеттик органдар менен кызматташууга даярдыгында.

КЭУлардын отчеттору жөнүндө

Мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жаткан учурда мыйзам долбоорунун демилгечилери КЭУлар каржы булактары жана чыгашаларынын багыттары боюнча отчет бербей жаткандыгы тууралуу маалымат таратышкан. Бул чындыка дал келбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, (1) КЭУлар бардык юридикалык жактар ​​үчүн, анын ичинде коммерциялык уюмдар үчүн коюлган бардык отчетторду тапшырышат, мындан тышкары, (2) КЭУлар 2021-жылы КЭУлар үчүн кошумча орнотулган отчетту тапшырышат, бул отчетту коммерциялык уюмдар тапшырууга милдеттендирилген эмес.

КЭУлар төмөнкү мыйзамдардын негизинде Мамлекеттик салык кызматына, Социалдык фондго жана статистика органдарына үзгүлтүксүз отчетторду берип турушат:

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси – КЭУларды салык отчетторун жана бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттендирет;
  2. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси – КЭУларды салыктык эмес төлөмдөр боюнча отчетторду берүүгө милдеттендирет (мисалы, таштандыларды чыгаруу үчүн төлөмдөр);
  3. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы – КЭУларды социалдык чегерүүлөр боюнча отчетторду берүүгө милдеттендирет;
  4. «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы – КЭУларды статистикалык отчетторду берүүгө милдеттендирет;
  5. «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы – КЭУларды финансылык отчетторду берүүгө милдеттендирет;
  6. «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы – КЭУларды Мамлекеттик салык кызматынын веб-сайтында акча каражаттарынын булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылып жаткан жана ажыратылган мүлктөр жөнүндө маалыматтарды жарыялоого милдеттендирет.

КЭУлардын салык отчеттору:

  • бирдиктүү салык декларациясы (бардык кирешелерди жана чыгашаларды чагылдырган тиркемелери менен);
  • киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча отчет (FORM STI-161);
  • турак эмес имараттарга, жайларга жана курулмаларга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө формасы (FORM STI-087);
  • калктуу пункттардагы жерлерге жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык боюнча маалыматтык эсептөөнүн формасы (FORM STI-077);
  • автотранспорт салыгын эсептөө формасы (FORM STI-090);
  • таштандыларды чыгаруу төлөмдөр боюнча отчет (Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган салыктык эмес төлөм);
  • бирдиктүү салык боюнча отчет (FORM STI −091);
  • орто ишканалар үчүн сатуудан салык отчету (FORM STI-130).

КЭУлардын статистикалык отчеттору:

  • «Эмгек отчету» Ф No.1-Т (ай сайын) отчеттук айдан кийинки 10-күнгө чейин;
  • «Эмгек отчету» Ф No.1-Т (жылдык) 16-январга чейин;
  • «Толук ай иштеген кызматкерлердин санын ноябрь айы үчүн чегерилген эмгек акынын өлчөмү боюнча бөлүштүрүү» Тиркеме №№ 1-Т формасына 1,10-декабрдан кечиктирбестен;
  • «Финансылык каражаттардын түшүүсү жана пайдаланылышы жөнүндө отчет»№4-фин (коммерциялык эмес уюмдар) жылдык – 1-февралга чейин, жарым жылдык – отчеттук мезгилден кийинки 20-күнгө чейин;
  • «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) пайдалануу жөнүндө»№2-МКТ– 20-февралга чейин.

КЭУлардын бухгалтердик отчеттору:

  • баланс (финансылык абал жөнүндө отчет);
  • пайда жана чыгашалар боюнча отчет;
  • акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;
  • капиталдын өзгөрүшү жөнүндө билдирүү.

Мындан тышкары, КЭУлар жөнүндө мыйзамга ылайык (17-берене), кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн КЭУ (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.

КЭУлардын саясий ишмердүүлүгү жөнүндө

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин чөйрөлөрдү саясий жана саясий эмес ишмердүүлүккө бөлүү жөнүндөгү жүйөлөрү туура эмес, анткени «саясий ишмердүүлүк» түшүнүгү юридикалык жактардын ишмердүүлүгүнүн чөйрөлөрү боюнча айырмаланбашы керек. Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыга (ЖСУЭП), БУУнун резолюцияларына ылайык, ар бир жаран саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адам укуктарын камсыз кылуу – мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Саясий укуктар бөлүмүнүн 37-беренесинде төмөнкүдөй ченемдер белгиленген:

“2. Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз жана өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу”.

“4. Кыргыз Республикасынын жарандары республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды жана чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.”.

Мыйзам долбоорунун КЭУлардын «саясий ишмердүүлүгүн» ​​чектеген жоболору ЖСУЭПке, БУУнун резолюцияларына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда көрсөтүлгөн жоболоруна карама-каршы келет.

Мыйзам долбоору кабыл алынса анын терс кесепеттери тууралуу

Мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдө чет өлкөлүк каржылоону колдонуп коомго пайдалуу долбоорлорду ишке ашырып жаткан КЭУлар мыйзам долбоорунда каралган «КЭУ-чет өлкөлүк өкүл» катары кемсинтүүчү каттоодон өтүүнү каалабай өз уюмдарын жоюуга аргасыз болушат. Ошентип, мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргызстандагы КЭУ секторунун ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, алардын жарандардын укуктарын коргоо, коомдук кызыкчылыктарды алдыга сүрүү, укуктук мамлекетти куруу, ошондой эле муктаж болгон жарандардын жана жамааттардын ар кандай категориялары үчүн ар кандай маанилүү социалдык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн чектейт.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу Кыргызстандагы айрым КЭУлардын ишмердүүлүгүн токтотуу, коомго пайдалуу иштерди жүргүзгөн КЭУлардын санын кыскартуу ар кандай чөйрөлөрдө олуттуу терс кесепеттерге алып келет, айтсак:

–      калктын арасында оорулардын айрым түрлөрүнө (кургак учук, ВИЧ, рак жана башка оорулар) чалдыгуу деңгээлин жогорулашына, – анткени азыркы учурда бул оорулар боюнча жарандарга КЭУлар олуттуу жардам көрсөтуп келе жатат;

–      учурда КЭУлар тарабынан ишке ашырылып жаткан калк үчүн билим берүү программаларынын токтотулушуна;

–      КЭУлардын бир бөлүгүнүн жабылышынан улам өлкөдө жумушсуздуктун өсүшүнө жана жакырчылыктын деңгээлинин өсүшүнө, калктын жумуш издеп башка өлкөлөргө миграциясынын көбөйүшүнө, салыктык жана социалдык төлөмдөрдүн азайышына, КЭУ секторунун өлкөнүн ИДПсына кошкон салымынын азайышына;

–      адам укуктарынын абалынын андан ары начарлашына, пикирлердин плюрализминин азайышына, өлкөдө саясий кризис жаралуу тобокелчилигинин жогорулашына;

–      Кыргызстандын адам укуктары жана демократиянын деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингдердеги орду начарлагандыктан, өлкөнүн экономикасына инвестициялардын кыскарышына; бул рейтингдерде ылдыйкы орундарды ээлеген өлкөлөргө инвестициялар келбейт, анткени бул өлкөлөрдө “түстүү революциялардын” жана туруксуздуктун жогорку тобокелдиги бар, алардын кесепети инвестицияларды жоготууга алып келиши мүмкүн.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргыз Республикасындагы КЭУлардын укуктук абалын бир топ начарлатат. Мыйзам долбоорунун бир катар жоболору ЖСУЭПке жана адам укуктары боюнча эл аралык укуктун башка негизги булактарына карама-каршы келет. Мыйзам долбоору мамлекеттик кызыкчылыктарга жооп бербейт, эгерде алар чындап эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында жазылган – өлкөдө чыныгы демократияны куруу болсо. Мындан тышкары, мыйзам долбоорун кабыл алуу жана анын жоболорун колдонуу БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине Кыргыз Республикасындагы адам укуктарынын бузулушу боюнча кайрылууларга алып келет. Кыргыз Республикасы мындай кайрылуулар боюнча талаш-тартыштарда утулат, бул демократиялык өлкөнүн аброюнун жоготулушуна алып келет.

Биз сизден, жогоруда айтылгандардын негизинде, вето укугуңуздан пайдаланып, “Чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагууну суранабыз.

Урматтоо менен:

  1. Айтбаева Чинара, «БИЗДИН КЫЛЫМ» КФ
  2. Алымбекова Сауле, “МК Интербилим”,
  3. Давлетбаева Г.К. «Жарандар өнүгүү үчүн» бейөкмөт уюму
  4. Абдыразакова Гүлмира, «Бирге рак оорусуна каршы» КФ
  5. Гүлнара Ускенбаева, «Жеткирүүчүлөр ассоциациясы»,
  6. Керимова Нурбюбю, «ДАНКО» коомдук фонду,
  7. Гүлгакы Мамасалиева, Интербилим – Ош,
  8. Алмаз Тажыбай, “Мамлекеттик саясатты талдоо борбору”,
  9. Айнура Усупбекова, «Жарандык платформа» КФ,
  1. Убышева Эркина, Ассоциация “Смарт Жаран”,
  2. Адиль Турдукулов, ТВ Академия,
  3. Ильясова Сыяпат, ОО “Чүй аялдар борбору”,
  4. Шайхутдинов Тимур, Гражданский союз,
  5. Суйундуева Аида, ОФ “Общее дело”,
  6. Лавриненко Светлана, Благотворительный фонд “Боорукерлик”,
  7. Эстебесова Батма Абибовна, ОФ “Социум”,
  8. Казакбаев Урматбек, ОО “Гражданский союз”,
  9. Бакыт Сатыбеков, ОО «Альянс по продвижению гражданских инициатив»,
  10. Эшмуратова Зайнап Тажиевна, ОФ Центр развития и защиты уязвимых групп населения,
  11. Лейла Саралаева,  главный редактор издания “Новые лица “,
  12. Тамара Валиева, председатель Платформы действий медиа Кыргызстана,
  13. Камиль Рузиев, ОО “Вентус”,
  14. Джамакеева Назгуль, Независимый эксперт,
  15. Омурканова Чолпон Аскербековна, Общественный фонд “Эгль”,
  16. Мадраимова Айнур, Общественное обьединение “Айыл демилгеси”,
  17. Акматкалыева Назира, ОФ “Фонд поддержки трудовых инициатив”,
  18. Капарова Джамиля, Общественное объединение “Энсан Диамонд”,
  19. Дуйшенова Айгуль, Совет женщин Бакай-Атинского айыльного аймака,
  20. Ташбулатов Акылбек, ОФ “Центр Содействия Международной Защите”,
  21. Муканов Нуржан Жумабаевич, О.Ф. “ЭкоМиР”,
  22. Илибезова Лариса, ОФ Центр исследования демократических процессов,
  23. Эльмира Умарова, ОФ “Улыбка”,
  24. Зарина Турукманова, Общественный фонд Центр женских инициатив Аялзат ,
  25. Халбаева, Светлана, Общественный фонд “Луч солнца”,
  26. Ештаева Наргиза, ООЦЖИ АЯЛЗАТ ,
  27. Шакирова Р.К., ОФ “Благодать”,
  28. Токтогулова Эльмира, Фонд МедиаКонсалт,
  29. Эдир Бова, ОЮЛ Ассоциация Таза Шайлоо,
  30. Асилбекова Дарийкан, ОО Кризисный Центр “Ак-жүрөк”,
  31. Толекан Исмаилова, Граждане против коррупции: Бир Дуйно Кыргызстан,
  32. Саякбаева Света, ОО “Тендеш”,
  33. Камбаров Ильгиз, Зеленый Альянс Кыргызстана,
  34. Рудбекова Нурайым, КЦ “Тендеш”,
  35. Кашимбекова Эркеайым, ОО”Аялзат -РЖИ”,
  36. Шаршембиева Нургуль, ОО “Дом Журналиста”,
  37. Анара Мусаева, ОО “Community development Alliance”,
  38. Бектур Медетов, ОО “Таласский областной союз молодежи”,
  39. Асыл Айтбаева, МЦ Интербилим,
  40. Надырова Флюра, Общественное объединение “Социально правовой центр Спектр”,
  41. Жапарова Акмарал, ОО Эне назары,
  42. Абдылдаева Октомкан, ОО Эне назары,
  43. Мураталиев Болот, Ресурсы для развития молодежи,
  44. Султангазиев Айбар, Ассоциация программ здравоохранения “Партнерская сеть”,
  45. Дарика Асанбаева, ОО Аялзат-РЖИ,
  46. Капарова Бэла, Общественный Фонд “Балдарга тирек”,
  47. Хурова Галия, ОО “Атуул”,
  48. Мукамбетов Максат, ОО “Адамзат ден соолугу”,
  49. Байбетова Гулжан, ОФ Женская Демократическая сеть,
  50. Масадикова Мавлюда Хакимжановна, Искра капиратив,
  51. Перизат Сайтбурхан, Журналист,
  52. Кулуйпа Акматова, Фонд развития села,
  53. Жумалиева Суюн, ОО Нуржолбер,
  54. Бегаим Усенова, ОФ “Институт Медиа Полиси”,
  55. Стыценко Анастасия, У-е МВО “Лидерство”,
  56. Алмаз Исманов, Prevention Media,
  57. Макарова А.А., ОФ “Акцент”,
  58. Абдыраев Рудбек, ОО “«ЭКО Жоомарт САР»,
  59. Джурабаева Гульнар, ОО ” Эркин гезит”,
  60. Эргешбаева Таттуубубу Нурбековна, Сообщество юристов «Тандем»,
  61. Шукуров У.Ф, ОФ ,,Поверь в себя,, Зашита прав пациентов,
  62. Кайбалиева Мээрим, Ассоциация сельскохозяйственных консультационных служб,
  63. Асан уулу Кубатбек, ОО Мирада,
  64. Кульмухамбетова Чолпон, ОО”Кунг-Фу цыгун”,
  65. Бупебаева Бибигуль Капановна, ОО «Сельская жизнь»,
  66. Турдалиева Раипа, ОО «РКК-Назы»,
  67. Лаишева Аделя, Медиаэксперт,
  68. Окошева Анаркуль, ОО “Тынчтык”,
  69. Темирова Нурия, ОФ “Фонд глобальных перемен”,
  70. Актанова Шарапат Жусуповна, Нарынское ОО родителей по защите прав детей,
  71. Эмил кызы Майрамкул, КЦ Мээрман,
  72. Султанова Инобатхон Махмуджановна, Общественное Объединение «Новый Ритм»,
  73. Авазкан Ормонова, ОФ “ДИА”,
  74. Токторбаева Барчынбюбю Каргыбаевна, ОБФ “Жологон”,
  75. Айтбаева Гульнара, ОО Бишкекский Женский центр,
  76. Иманкожоева Шайы, ОО Муниципальный Совет,
  77. Мусаева Айжан, Учреждение “Центр регионалистики и развития”,
  78. Осмоналиев Тагир, Эксперт по выборам,
  79. Жаркулова Жумакан, Асыл Ай майыптар коомдук бирикмеси,
  80. Жумакан Жаркулова, Бирдиктүү багыт майыптар коомдук бирикмелер ассоциациясы,
  81. Ли Антонина, ОО “Шоола-Кол”,
  82. Досалиева Б, ОО Центр поддержки женщин,
  83. Айзат Русланова, IDEA Central Asia,
  84. Гладис Темирчиева, Фонд расследовательской журналистики, Vesti.kg,
  85. Колодяжная Анастасия, ОБФ Жаныртуу,
  86. Амирова Гулбарчын, ОФ Дааназат,
  87. Торалиева Жылдыз, ОО «Результат»,
  88. Шумская Наталья, ОФ «ЭФЬЮ»,
  89. Дербишева Гульнара, ОФ “Инсан-Лейлек”,
  90. Сариева Алиман, ОРДО,
  91. Борончиева Сонун Эрмековна, ОО инвалидов Келечек-Сары-Кол,
  92. Ноокатбек Идрисов, член НС ОО Кризисный центр “Сезим”,
  93. Алишева Атыркуль, Общ.деятель,
  94. Касмамбетова Чинара, ОО “Дорожная безопасность”,
  95. Добрецова Надежда, Институт политики развития,
  96. Сактанова Азиза, ОО Нурзаман,
  97. Байгазиева Мыскал, ОО “Элетайм”,
  98. Aijamal, Ордо,
  99. Тороев Женишбек Исаевич, АНПО “Эдвокаси центр по правам человека”,
  100. Назгуль Турдубекова, ОФ «Лига защитников прав ребёнка»,
  101. Абдулхакова Залина, АНПО “Эдвокаси центр по правам человека”.

г. Бишкек, ул. Логвиненко 55 (юр.)
Телефон: +996 312 88 22 82
Эл. почта: office@nashvek.kg
nash.vek@gmail.com