Маанилүү
"Биздин Кылым"(«Наш Век») Коомдук Фонду — 2001-жылдан бери Кыргызстанда иш алып барган көз карандысыз уюм. Биз тышкы жардамды жана ири өнүктүрүү долбоорлорун көзөмөлдөйбүз, эл аралык каржы институттарынын ишмердигин талдайбыз жана ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту, туруктуу өнүгүүнү жана жарандык коомдун катышуусун илгерилетебиз.
Видео
БИЗДИН МИССИЯ
Маалымат берүү, билим берүү, мониторинг жана адвокация аркылуу туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү. Жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аларды дүйнөлүк процесстерге активдүү катышууга тартуу.
«БИЗДИН КЫЛЫМ» (НАШ ВЕК) КООМДУК ФОНДУНУН КӨРҮНҮШҮ:
Туруктуу өнүгүүгө кызыкдар болгон жана аны камсыз кылууга багытталган конкреттүү аракеттерди көргөн коом.
«БИЗДИН КЫЛЫМ» КООМДУК ФОНДУНУН БААЛУУЛУКТАРЫ:
Туруктуу өнүгүү — узак мөөнөттүү социалдык, экономикалык жана экологиялык натыйжаларга багыт алуу. «Наш Век» коомдук фонду коомдун, мамлекеттин, келечек муундардын жана айлана-чөйрөнүн кызыкчылыктарын эске алган туруктуу өнүгүү ыкмаларын колдойт.
Көз карандысыздык — объективдүүлүк жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу.
Ачыктык — маалыматтын ачыктыгы, көз карандысыздык жана эксперттик баалоонун эркиндиги.
Ак ниеттүүлүк — иштеги чынчылдык, этикалык принциптерди сактоо жана жоопкерчилик.
Кесипкөйлүк — изилдөө, мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жогорку стандарттары.
Жарандардын активдүү катышуусу — чечимдерди кабыл алууга жарандардын активдүү катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Өнөктөштүк жана кызматташтык — туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жарандык коом уюмдары, мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык уюмдар жана эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.
Инновациялар — башкаруунун жана туруктуу өнүгүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында коомдук мониторинг, маалыматтарды талдоо, жасалма интеллект, санариптик платформалар жана ачык маалыматтар жаатында алдыңкы чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
Коомдук көзөмөл жана отчеттуулук — жарандык мониторингди өнүктүрүүгө, өнүгүү процесстеринин ачыктыгын жогорулатууга жана мамлекеттик жана эл аралык ресурстарды жоопкерчиликтүү пайдаланууга көмөктөшүү.



