Коом туруктуу өнүгүүгө кызыкдар жана бул багытта конкреттүү аракеттерди көрөт

Маанилүү

"Биздин Кылым"(«Наш Век») Коомдук Фонду — 2001-жылдан бери Кыргызстанда иш алып барган көз карандысыз уюм. Биз тышкы жардамды жана ири өнүктүрүү долбоорлорун көзөмөлдөйбүз, эл аралык каржы институттарынын ишмердигин талдайбыз жана ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту, туруктуу өнүгүүнү жана жарандык коомдун катышуусун илгерилетебиз.

Институционалдык өнөктөштүк тууралуу көбүрөөк маалымат →

Видео

“Биздин кылым” Эмгек министрлигинде коомдук кеңешмеге катышты

2019-жылдын 19-февралында «Наш Век» КФсы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Кыргыз Республикасында ТӨМгө жетишүүнүн ыктыярдуу улуттук серепин даярдоо боюнча коомдук консультациялардын катышуучусу болду. Министрлик Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ыктыярдуу улуттук серептин долбоорунан үзүндүлөрдү окуп берди жана коомдук консультациялардын катышуучуларынын сунуштарын жана сын-пикирлерин укту. Долбоорду жүктөп алуу үчүн файл төмөндө бул жаңылыкта жеткиликтүү (57 бетте). Сураныч, бул документти басып чыгаруудан мурун айлана-чөйрө жөнүндө ойлонуңуз. Министрлик коомчулуктун жана бардык кызыкдар тараптардын сын-пикирлерин жана сунуштарын күтүп жатканын билдирди. [gview file="https://nashvek.kg/wp-content/uploads/2020/02/proekt-dno-po-socz-bloku-2-2-2.doc"]

Өнөктөштөр