Маанилүү
"Биздин Кылым"(«Наш Век») Коомдук Фонду — 2001-жылдан бери Кыргызстанда иш алып барган көз карандысыз уюм. Биз тышкы жардамды жана ири өнүктүрүү долбоорлорун көзөмөлдөйбүз, эл аралык каржы институттарынын ишмердигин талдайбыз жана ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту, туруктуу өнүгүүнү жана жарандык коомдун катышуусун илгерилетебиз.
Видео
«Аймактарды өнүктүрүү аркылуу экономикалык өсүш» семинары
2017-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, «Бир Буйно» коомдук фондунун жана «Биздин кылым» КФнын көмөгү менен туруктуу өнүгүү үчүн адам укуктары боюнча эл аралык фестивалдын алкагында «Аймактарды өнүктүрүү аркылуу экономикалык өсүш» семинары болуп өттү. Бардык катышуучуларга (59 адам) активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!




