Кыргыз Республикасынын Президентине КЭУ өкүлдөрүнүн кайрылуусу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сизге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үч окууда кабыл алган Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна (мындан ары — чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө мыйзам долбоору же мыйзам долбоору) байланыштуу кайрылып жатабыз.

Учурда өлкөбүз экономикалык, саясий жана социалдык жактан олуттуу өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Мындай татаал мезгилде коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) ишмердиги коом алдында турган бир катар маанилүү маселелерди жана милдеттерди чечүүдө негизги роль ойнойт.

КЭУлар ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өнөктөштөрү болуп саналат. Алардын тажрыйбасы, ресурстары жана эксперттик мүмкүнчүлүктөрү өлкөнүн өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн маанилүү. КЭУлардын коомдук пайдалуу ишмердиги жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган социалдык, билим берүү жана маданий программаларды колдоону жана өнүктүрүүнү камтыйт. КЭУлардын аракеттеринин жана ишмердигинин аркасында көптөгөн жарандар билим алууга, медициналык жардамга, социалдык коргоого жана башка маанилүү кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарды колдоого мүмкүндүк берет. КЭУлар адам укуктарын коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана башка көптөгөн коомдук мааниге ээ багыттарда активдүү иш алып барышат. Алардын ишмердиги ошондой эле демократиялык институттарды чыңдоого жана өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Сиздин көңүлүңүздү эл аралык кызматташтыктын жана эл аралык коомчулуктун өлкөгө көрсөткөн финансылык колдоосунун маанилүүлүгүнө бургубуз келет. Белгилүү болгондой, Кыргызстан учурда мамлекетке олуттуу финансылык жана материалдык-техникалык жардам көрсөтүп жаткан көптөгөн эл аралык уюмдар жана донорлор менен кызматташат. Бул жардам өлкөнүн мамлекеттик бюджетин колдоодо жана ар кандай тармактардагы бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ. Эл аралык уюмдар социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө гана эмес, жарандардын жашоо шартын жакшыртууга жана өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү экономикалык, экологиялык, инфраструктуралык жана башка долбоорлорду ишке ашырууга да каражат бөлүшөт. Бул колдоонун аркасында өлкө экономиканы модернизациялоо, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактарды өнүктүрүү, ошондой эле өлкө боюнча инфраструктураны жакшыртуу боюнча маанилүү пландарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышын камсыз кылуу жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартууга өбөлгө түзөт. Эгерде чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасына көрсөтүүчү финансылык жардамы кыйла кыскарышы мүмкүн, бул өлкөнүн өнүгүүсүнө жана жарандардын бакубаттуулугуна терс таасирин тийгизет.

Кыргызстандын КЭУ секторунун баалуулугу анын калыстыгында, боорукерлигинде, жардамга муктаж жарандарга жана жергиликтүү жамааттарга жардам берүүгө даярдыгында, коомдук пайдалуу ишмердикти жүзөгө ашырууга берилгендигинде, принципиалдуулугунда, адилеттүүлүгүндө жана өлкөнү өнүктүрүү максатында мамлекеттик органдар менен кызматташууга даярдыгында турат.

КЭУлардын отчеттуулугу жөнүндө

Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо учурунда анын демилгечилери КЭУлар өздөрүнүн каржылоо булактары жана каражаттарын сарптоонун багыттары жөнүндө отчет беришпейт деген маалыматты таратышкан. Бул чындыкка дал келбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, (1) КЭУлар бардык юридикалык жактарга, анын ичинде коммерциялык уюмдарга коюлган талаптарга ылайык отчетторду тапшырышат; (2) мындан тышкары, 2021-жылы КЭУлар үчүн коммерциялык уюмдарга карата колдонулбаган кошумча отчеттуулук талаптары киргизилген.

КЭУлар төмөнкү мыйзамдардын негизинде Мамлекеттик салык кызматына, Социалдык фондго жана статистика органдарына үзгүлтүксүз отчетторду тапшырышат:

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси — КЭУларды салыктык отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттендирет;
  2. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси — КЭУларды салыктык эмес төлөмдөр боюнча отчет тапшырууга милдеттендирет;
  3. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы — КЭУларды социалдык чегерүүлөр боюнча отчет берүүгө милдеттендирет;
  4. «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы — КЭУларга статистикалык отчетторду тапшыруу милдетин жүктөйт;
  5. «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы — КЭУларды финансылык отчеттуулукту тапшырууга милдеттендирет;
  6. «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы — КЭУларды Мамлекеттик салык кызматынын сайтында акча каражаттарын түзүүнүн булактары, аларды сарптоонун багыттары, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ажыратылган мүлк жөнүндө жыйынды маалыматты жарыялоого милдеттендирет.

КЭУлар тапшыруучу салыктык отчеттор:

  • бирдиктүү салык декларациясы (бардык кирешелер жана чыгашалар көрсөтүлгөн тиркемелери менен);
  • киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет (FORM STI-161);
  • турак жай эмес имаратка, жайга жана курулушка мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө формасы (FORM STI-087);
  • калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытына кирбеген жерлерге жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөө формасы (FORM STI-077);
  • транспорт каражатына салык боюнча маалыматтык эсептөө формасы (FORM STI-090);
  • бирдиктүү салык боюнча отчет (FORM STI-091);
  • орто ишкердик субъектисинин сатуудан алынуучу салыгы боюнча отчет (FORM STI-130).

КЭУлар тапшыруучу статистикалык отчеттор:

  • «Эмгек боюнча отчет» № 1-Т формасы (айлык) — отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин;
  • «Эмгек боюнча отчет» № 1-Т формасы (жылдык) — 16-январга чейин;
  • «Ноябрь айында толук иштеген штаттык кызматкерлердин санынын эсептелген эмгек акынын өлчөмдөрү боюнча бөлүштүрүлүшү», № 1-Т формасына тиркеме № 1 — 10-декабрдан кечиктирбестен;
  • «Финансылык каражаттардын келип түшүүсү жана пайдаланылышы жөнүндө отчет» № 4-фин (коммерциялык эмес уюмдар) — жылдык отчет 1-февралга чейин, жарым жылдык отчет отчеттук мезгилден кийинки айдын 20-күнүнө чейин;
  • «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) пайдалануу жөнүндө» № 2-МКТ — 20-февралга чейин.

КЭУлардын бухгалтердик отчеттору:

  • баланс (финансылык абал жөнүндө отчет);
  • кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет;
  • акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;
  • капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет.

Мындан тышкары, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамдын 17-беренесине ылайык, КЭУлар жыл сайын 1-апрелге чейин Мамлекеттик салык кызматынын сайтында өздөрүнүн кирешелеринин булактары жана аларды сарптоонун багыттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга милдеттүү.

КЭУлардын саясий ишмердиги жөнүндө

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин ишмердикти саясий жана саясий эмес деп бөлүү боюнча жүйөлөрү туура эмес, анткени «саясий ишмердик» түшүнүгүн юридикалык жактардын иш багыттарына жараша бөлүп кароого болбойт. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга (ЖСУЭП), БУУнун резолюцияларына ылайык, ар бир жаран саясий ишмердикке катышууга укуктуу.

Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адам укуктарын камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Саясий укуктар» бөлүмүнүн 37-беренесинде төмөнкү ченемдер бекитилген:

«2. Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу».

«4. Кыргыз Республикасынын жарандары республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды жана чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу».

КЭУлардын «саясий ишмердигин» чектеген мыйзам долбоорунун ченемдери ЖСУЭПке, жарандардын мамлекеттик иштерди башкарууга катышуу укугу жөнүндө БУУнун резолюцияларына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда көрсөтүлгөн жоболоруна каршы келет.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда келип чыгуучу терс кесепеттер жөнүндө

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдө чет өлкөлүк каржылоонун эсебинен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырып жаткан КЭУлар мыйзам долбоорунда каралган «КЭУ-чет өлкөлүк өкүл» катары басмырлоочу каттоодон өтүүдөн баш тартып, өз уюмдарын жоюуга аргасыз болушу мүмкүн. Мунун натыйжасында мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандагы КЭУ секторунун ишмердигине терс таасирин тийгизип, алардын жарандардын укуктарын коргоо, коомдук кызыкчылыктарды илгерилетүү, укуктук мамлекетти куруу жана жардамга муктаж жарандардын жана жамааттардын ар кандай категорияларына социалдык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу Кыргызстандагы айрым КЭУлардын ишмердигинин токтотулушу жана коомдук пайдалуу ишмердикти жүзөгө ашырган КЭУлардын санынын азайышы ар кандай тармактарда олуттуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

  • калк арасында айрым оорулардын, анын ичинде кургак учук, ВИЧ, онкологиялык жана башка оорулардын көбөйүшү; учурда бул оорулар менен ооруган адамдарга КЭУлар олуттуу жардам көрсөтүп келишет;
  • учурда КЭУлар тарабынан калк үчүн ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын токтотулушу;
  • жумушсуздуктун көбөйүшү, өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлинин жогорулашы, жумуш издеп башка өлкөлөргө миграциянын күчөшү, салыктык жана социалдык төлөмдөрдүн азайышы, КЭУлардын бир бөлүгүнүн жабылышына байланыштуу КЭУ секторунун өлкөнүн ИДПсына кошкон салымынын төмөндөшү;
  • коомдогу пикирлердин плюрализминин азайышы, адам укуктарынын абалынын мындан ары начарлашы жана саясий кризистин келип чыгуу тобокелдигинин жогорулашы;
  • адам укуктарынын жана демократиянын деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингдерде Кыргызстандын позициясынын начарлашына байланыштуу өлкөнүн экономикасына инвестициялардын азайышы. Белгилүү болгондой, мындай рейтингдерде төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкөлөргө инвестициялардын келиши кыскарышы мүмкүн, анткени мындай өлкөлөрдө саясий туруксуздук жана социалдык чыңалуу тобокелдиги жогору деп бааланат, анын кесепетинен салынган инвестициялар жоголушу мүмкүн.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасында КЭУлардын укуктук абалы кыйла начарлайт. Мыйзам долбоорунун бир катар ченемдери ЖСУЭПке жана адам укуктары боюнча эл аралык укуктун башка негизги булактарына каршы келет. Эгерде мамлекеттик кызыкчылык чындап эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилгендей, өлкөдө чыныгы демократияны курууда болсо, анда мыйзам долбоору мамлекеттик кызыкчылыктарга туура келбейт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана анын ченемдеринин колдонулушу Кыргыз Республикасында адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууларга алып келиши мүмкүн. Мындай кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасы жагымсыз чечимдерге туш болушу мүмкүн, бул Кыргызстандын демократиялык мамлекет катары эл аралык аброюна терс таасирин тийгизет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Сизден вето коюу укугуңузду пайдаланып, чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө мыйзам долбоорун четке кагууну өтүнөбүз.

Урматтоо менен:

  1. Айтбаева Чинара, ОФ «Наш Век»
  2. Алымбекова Сауле, «Интербилим» МБ
  3. Давлетбаева Галина, «Өнүгүү үчүн жарандар» КБ
  4. Абдыразакова Гульмира, ОФ «Вместе против рака»
  5. Гульнара Ускенбаева, «Жеткирүүчүлөр ассоциациясы»
  6. Керимова Нурбюбю, «ДАНКО» коомдук фонду
  7. Гульгакы Мамасалиева, «Интербилим» – Ош
  8. Алмаз Тажыбай, «Мамлекеттик саясатты талдоо борбору»
  9. Айнура Усупбекова, «Жарандык платформа» коомдук фонду
  10. Убышева Эркина, «Смарт Жаран» ассоциациясы
  11. Адиль Турдукулов, ТВ Академиясы
  12. Ильясова Сыяпат, «Чүй аялдар борбору» коомдук бирикмеси
  13. Шайхутдинов Тимур, Жарандык союз
  14. Суйундуева Аида, «Жалпы иш» коомдук фонду
  15. Лавриненко Светлана, «Боорукерлик» кайрымдуулук фонду
  16. Эстебесова Батма Абибовна, «Социум» коомдук фонду
  17. Казакбаев Урматбек, «Жарандык союз» коомдук бирикмеси
  18. Бакыт Сатыбеков, «Жарандык демилгелерди илгерилетүү альянсы» коомдук бирикмеси
  19. Эшмуратова Зайнап Тажиевна, «Калктын аялуу топторун өнүктүрүү жана коргоо борбору» коомдук фонду
  20. Лейла Саралаева, «Новые лица» басылмасынын башкы редактору
  21. Тамара Валиева, Кыргызстандын Медиа аракеттер платформасынын төрайымы
  22. Камиль Рузиев, «Вентус» коомдук бирикмеси
  23. Джамакеева Назгуль, көз карандысыз эксперт
  24. Омурканова Чолпон Аскербековна, «Эгль» коомдук фонду
  25. Мадраимова Айнур, «Айыл демилгеси» коомдук бирикмеси
  26. Акматкалыева Назира, «Эмгек демилгелерин колдоо фонду» коомдук фонду
  27. Капарова Джамиля, «Энсан Диамонд» коомдук бирикмеси
  28. Дуйшенова Айгуль, Бакай-Ата айыл аймагынын аялдар кеңеши
  29. Ташбулатов Акылбек, «Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору» коомдук фонду
  30. Муканов Нуржан Жумабаевич, «ЭкоМиР» коомдук фонду
  31. Илибезова Лариса, «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фонду
  32. Эльмира Умарова, «Улыбка» коомдук фонду
  33. Зарина Турукманова, «Аялзат» аялдардын демилгелер борбору коомдук фонду
  34. Халбаева Светлана, «Луч солнца» коомдук фонду
  35. Ештаева Наргиза, «АЯЛЗАТ» КБ
  36. Шакирова Р.К., «Благодать» коомдук фонду
  37. Токтогулова Эльмира, «МедиаКонсалт» фонду
  38. Эдир Бова, «Таза Шайлоо» юридикалык жактардын бирикмеси
  39. Асилбекова Дарийкан, «Ак-жүрөк» кризистик борбору коомдук бирикмеси
  40. Толекан Исмаилова, «Коррупцияга каршы жарандар: Бир Дуйно Кыргызстан»
  41. Саякбаева Света, «Теңдеш» коомдук бирикмеси
  42. Камбаров Ильгиз, Кыргызстандын Жашыл альянсы
  43. Рудбекова Нурайым, «Теңдеш» кризистик борбору
  44. Кашимбекова Эркеайым, «Аялзат-РЖИ» коомдук бирикмеси
  45. Шаршембиева Нургуль, «Журналисттер үйү» коомдук бирикмеси
  46. Анара Мусаева, «Community Development Alliance» коомдук бирикмеси
  47. Бектур Медетов, «Талас облустук жаштар союзу» коомдук бирикмеси
  48. Асыл Айтбаева, «Интербилим» МБ
  49. Надырова Флюра, «Спектр» социалдык-укуктук борбору коомдук бирикмеси
  50. Жапарова Акмарал, «Эне назары» коомдук бирикмеси
  51. Абдылдаева Октомкан, «Эне назары» коомдук бирикмеси
  52. Мураталиев Болот, «Жаштарды өнүктүрүү үчүн ресурстар»
  53. Султангазиев Айбар, «Өнөктөштүк тармагы» саламаттык сактоо программаларынын ассоциациясы
  54. Дарика Асанбаева, «Аялзат-РЖИ» коомдук бирикмеси
  55. Капарова Бэла, «Балдарга тирек» коомдук фонду
  56. Хурова Галия, «Атуул» коомдук бирикмеси
  57. Мукамбетов Максат, «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмеси
  58. Байбетова Гулжан, «Аялдардын демократиялык тармагы» коомдук фонду
  59. Масадикова Мавлюда Хакимжановна, «Искра капиратив»
  60. Перизат Сайтбурхан, журналист
  61. Кулуйпа Акматова, Айылды өнүктүрүү фонду
  62. Жумалиева Суюн, «Нуржолбер» коомдук бирикмеси
  63. Бегаим Усенова, «Медиа саясаты институту» коомдук фонду
  64. Стыценко Анастасия, «Лидерлик» УМВО
  65. Алмаз Исманов, Prevention Media
  66. Макарова А.А., «Акцент» коомдук фонду
  67. Абдыраев Рудбек, «ЭКО Жоомарт САР» коомдук бирикмеси
  68. Джурабаева Гульнар, «Эркин гезит» коомдук бирикмеси
  69. Эргешбаева Таттуубубу Нурбековна, «Тандем» юристтер коомчулугу
  70. Шукуров У.Ф., «Өзүңө ишен» коомдук фонду, бейтаптардын укуктарын коргоо
  71. Кайбалиева Мээрим, Айыл чарба консультациялык кызматтарынын ассоциациясы
  72. Асан уулу Кубатбек, «Мирада» коомдук бирикмеси
  73. Кульмухамбетова Чолпон, «Кунг-Фу Цигун» коомдук бирикмеси
  74. Бупебаева Бибигуль Капановна, «Сельская жизнь» коомдук бирикмеси
  75. Турдалиева Раипа, «РКК-Назы» коомдук бирикмеси
  76. Лаишева Аделя, медиаэксперт
  77. Окошева Анаркуль, «Тынчтык» коомдук бирикмеси
  78. Темирова Нурия, «Глобалдык өзгөрүүлөр фонду» коомдук фонду
  79. Актанова Шарапат Жусуповна, Балдардын укуктарын коргоо боюнча Нарын коомдук ата-энелер бирикмеси
  80. Эмил кызы Майрамкул, «Мээрман» кризистик борбору
  81. Султанова Инобатхон Махмуджановна, «Жаңы ритм» коомдук бирикмеси
  82. Авазкан Ормонова, «ДИА» коомдук фонду
  83. Токторбаева Барчынбюбю Каргыбаевна, «Жологон» коомдук кайрымдуулук фонду
  84. Айтбаева Гульнара, «Бишкек аялдар борбору» коомдук бирикмеси
  85. Иманкожоева Шайы, «Муниципалдык кеңеш» коомдук бирикмеси
  86. Мусаева Айжан, «Регионалистика жана өнүктүрүү борбору» мекемеси
  87. Осмоналиев Тагир, шайлоо боюнча эксперт
  88. Жаркулова Жумакан, «Асыл Ай» майыптардын коомдук бирикмеси
  89. Жумакан Жаркулова, майыптардын коомдук бирикмелеринин «Бирдиктүү багыт» ассоциациясы
  90. Ли Антонина, «Шоола-Кол» коомдук бирикмеси
  91. Досалиева Б., «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмеси
  92. Айзат Русланова, IDEA Central Asia
  93. Гладис Темирчиева, Тергөө журналистикасы фонду, Vesti.kg
  94. Колодяжная Анастасия, «Жаңыртуу» коомдук кайрымдуулук фонду
  95. Амирова Гулбарчын, «Дааназат» коомдук фонду
  96. Торалиева Жылдыз, «Натыйжа» коомдук бирикмеси
  97. Шумская Наталья, «ЭФЬЮ» коомдук фонду
  98. Дербишева Гульнара, «Инсан-Лейлек» коомдук фонду
  99. Сариева Алиман, ОРДО
  100. Борончиева Сонун Эрмековна, майыптардын «Келечек-Сары-Кол» коомдук бирикмеси
  101. Ноокатбек Идрисов, «Сезим» кризистик борбору коомдук бирикмесинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү
  102. Алишева Атыркуль, коомдук ишмер
  103. Касмамбетова Чинара, «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси
  104. Добрецова Надежда, Өнүктүрүү саясаты институту
  105. Сактанова Азиза, «Нурзаман» коомдук бирикмеси
  106. Байгазиева Мыскал, «Элетайм» коомдук бирикмеси
  107. Aijamal, ОРДО
  108. Тороев Женишбек Исаевич, Адам укуктарын коргоо боюнча «Эдвокаси борбору» АНКУ
  109. Назгуль Турдубекова, «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук фонду
  110. Абдулхакова Залина, Адам укуктарын коргоо боюнча «Эдвокаси борбору» АНКУ
Кыргыз Республикасы\ The Kyrgyz Republic Бишкек\Bishkek, ул.\str. Логвиненко\Logvinenko 55 (юр.)
Телефон\Phone: +996 312 88 22 82
E-mail\Эл. почта\Эл.дарек: office@nashvek.kg
nash.vek@gmail.com