БИЗДИН МИССИЯБЫЗ

Маалымат берүү, билим берүү, мониторинг жүргүзүү жана адвокация аркылуу туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү, ошондой эле жарандарды глобалдык процесстерге активдүү катышууга жана тартылууга үндөө.

«НАШ ВЕК» КООМДУК ФОНДУНУН КӨЗ КАРАШЫ

Коом туруктуу өнүгүүгө кызыкдар болуп, ага багытталган конкреттүү аракеттерди көргөн коом.

«НАШ ВЕК» КООМДУК ФОНДУНУН БААЛУУЛУКТАРЫ

Туруктуу өнүгүү — узак мөөнөттүү социалдык, экономикалык жана экологиялык натыйжаларга багыт алуу. «Наш Век» коомдук фонду коомдун, мамлекеттин, келечек муундардын жана айлана-чөйрөнүн кызыкчылыктарын эске алган туруктуу өнүгүү ыкмаларын колдойт.

Көз карандысыздык — объективдүүлүк жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу.

Ачыктык — маалыматтын ачыктыгы, өз алдынчалык жана эксперттик баалоонун эркиндиги.

Ак ниеттүүлүк — ишибиздеги чынчылдык, этикалык принциптерди сактоо жана жоопкерчилик.

Жарандардын активдүү катышуусу — жарандардын чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Кесипкөйлүк — изилдөө, мониторинг жана талдоо иштеринде жогорку стандарттарды сактоо.

Өнөктөштүк жана кызматташтык — туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жарандык коом уюмдары, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана эксперттик коомчулук менен кызматташтыкты өнүктүрүү.

Инновациялар — башкаруунун жана туруктуу өнүгүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн коомдук мониторинг, маалыматтарды талдоо, жасалма интеллект, санариптик платформалар жана ачык маалыматтар жаатында алдыңкы чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү.

Коомдук көзөмөл жана отчеттуулук — жарандык мониторингди өнүктүрүүгө, өнүгүү процесстеринин ачыктыгын жогорулатууга жана мамлекеттик жана эл аралык ресурстарды жоопкерчиликтүү пайдаланууга көмөктөшүү.

г. Бишкек, ул. Логвиненко 55 (юр.)
Телефон: +996 312 88 22 82
Эл. почта: office@nashvek.kg
nash.vek@gmail.com