Кыргызстанда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчынын 9-январда кол койгон тиешелүү жарлыгы аймактарды өнүктүрүүнүн негизги документи болуп калат.

«2018-жылы аймактарды өнүктүрүүдө системалык өзгөрүүлөрдүн пайдубалы түптөлүшү керек.Бул үчүн бардык бийлик бутактары менен жарандык сектордун биргелешкен аракеттери талап кылынат.Атайын сунуштар берилди. Региондорду өнүктүрүүгө түздөн-түз тиешеси бар Жогорку Кеңеш, өкмөт ар бир аймак үчүн узак мөөнөттүү комплекстүү программаларды иштеп чыгып, айылдарды, шаарларды жана башка аймактык бирдиктерди пландаштыруу стандарттарын бекитет», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал өлкөнүн премьер-министри болуп турганда Региондорду өнүктүрүү концепциясы, Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо программасы, Өлкөдө ирригацияны жакшыртуу программасы иштелип чыгып, кабыл алынганын эске салды. Мамлекет башчысы жарлык бул программаларды ишке ашырууга күчтүү түрткү берерин баса белгиледи.

Биз аймактарды өнүктүрүүдө дисбаланска жол бербешибиз керек; бюджеттик жана инвестициялык каражаттар аймактардын керектөөлөрүнө жараша пландар боюнча бөлүштүрүлүшү керек.

Сооронбай Жээнбеков
Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, бул ички жана тышкы миграция процесстеринин кыскарышына алып келерин белгилегени маалымдалган. Күчтөр жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө, аймактардын экспорттук потенциалын колдоого, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн шарттарды түзүүгө, аймактардын экономикасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууга багытталат.

Шилтеме: https://24.kg/vlast/72900/

г. Бишкек, ул. Логвиненко 55 (юр.)
Телефон: +996 312 88 22 82
Эл. почта: office@nashvek.kg
nash.vek@gmail.com